Токиодогу Олимпиада оюндарында кыз-келиндер арасындагы күрөштө кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекованын (62 кг) 1/8 финалдагы биринчи атаандашы белгилүү болду.
Алгачкы беттеште Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьева менен күрөшөт. Эки балбан кыздын кармашы эртең, 3-августта өтөт.
Белгилей кетсек, буга чейин 2020-жылдын декабрь айында Сербияда өткөн Дүйнө Кубогунун финалында Айсулуу Тыныбекова Анастасия Григорьева менен күрөшкөн. Анда Тыныбекова атаандашын 14:0 эсебинде жеңген.
Кыз-келиндер арасындагы күрөштө Олимпиада оюндарында Кыргызстандын атынан үч балбан кыз катышууда.
Олимпиада: Коло үчүн мелдеште Айпери Медет кызы түркиялык балбан менен күрөшөт