Биз менен байланышыңыз

Олимпиада: Коло үчүн мелдеште Айпери Медет кызы түркиялык балбан менен күрөшөт

Кыска кабар , Спорт | 2 Авг 2021 | 262 | 0

Олимпиада оюндарында кыз-келиндер арасындагы күрөштө кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы коло үчүн мелдеште түркиялык Асемин Адар менен күрөшөт.

Бүгүн, 2-августта көңүл жубатуучу таймашта түркиялык Асемин Адар тунистик балбан кызды жеңип, үчүнчү орун үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Ал эми Айпери Медет кызы 1-августта жарым финалда америкалык балбанга 2:3 эсебинде жеңилген. Аны менен ал коло медаль үчүн күрөшө турган болгон.

Эки балбан кыздын коло үчүн кармашы бүгүн, 2-августта Бишкек убактысы боюнча 17:55те башталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM