Биз менен байланышыңыз

COVID-19: дагы 9 бейтап көз жумду, 897 учур жаңы катталды

Кыска кабар | 2 Авг 2021 | 472 | 0

Кыргызстанда 2-августка карата 897 адамдан коронавирус аныкталды. Пандемия башталгандан бери 164 миң 743 адамга вирус жукту.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 9 бейтап каза болду. Коронавирустун жалпы өлүм учурлары 2 миң 344кө жетти.

Ал эми 1316 адам акыркы бир күндө айыгып, үйүнө чыгарылды. Ооруну жеңгендердин жалпы саны 147 миң 377ни түзүүдө.

Бүгүнкү күндө ооруканаларда 3 миң 779 бейтап, амбулатордук түрдө 9 миң 913 адам дарыланууда.

Copyright © 2017 Maral FM