Connect with us

Бир күн ичинде коронавирус 958 адамдан табылып, 10 киши каза болду

Кыска кабар | 30 Июл 2021 | 1069 | 0

Бүгүн, 30-июлга карата Кыргызстанда коронавирус 958 адамдан табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Аймактар боюнча алганда, коронавирус Бишкек шаарында — 574, Ош шаарында — 6, Чүй облусунда — 128, Ош облусунда — 26, Талас облусунда — 13, Нарын облусунда — 24, Ысык-Көл облусунда — 52, Жалал-Абад облусунда — 78, Баткен облусунда — 57 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 1 миң 485 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан 10 адам каза болгон.

Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 3 миң 888 адам, ал эми амбулатордук түрдө 11 миң 483 бейтап дарыланууда. Ооруканаларда дарыланып жаткандардын ичинен 65 бейтаптын абалы канааттандырарлык, 2 миң 521 адамдын абалы орто оор, 1 миң 79 киши оор жана 227 бейтап өтө оор абалда.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 161 миң 973 учур катталды. Анын ичинен 142 миң 984 адам оорудан айыгып чыкты, 2 миң 311 бейтап каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM