Биз менен байланышыңыз

Таластагы Киров суу сактагычына ГЭС курулат

Кыска кабар | 29 Июл 2021 | 836 | 0

Талас облусундагы Киров суу сактагычына гидроэлектрстанция куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Бүгүн, 29-июлда президенттин Талас облусундагы өкүлү Бакытбек Нарбеков менен энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев суу сактагычка барып, аталган маселени жеринде талкуулашкан.

Учурда ГЭС курула турган аймакта геодезиялык жумуштар жүргүзүлүүдө.

Министрдин айтымында, ГЭСтин кубаттуулугу 30 мегаватт болот. Анын иши сугат суу системасына эч кандай таасирин тийгизбейт.

ГЭСтин курулушуна 22 млн доллар кетери болжолдонууда.

Киров суу сактагычынын курулушу 1965-жылы башталып, 1975-жылы аяктаган. Анда топтолгон сууну сугат иштери үчүн Талас облусунун тургундары жана коңшу Казакстан колдонуп келет.

Copyright © 2017 Maral FM