Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери камактагы Жеңиш Молдокматовду көрүп келишти

Кыска кабар | 29 Июл 2021 | 731 | 0

Бүгүн, 29-июлда Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында камакта жаткан саясатчы Жеңиш Молдокматовду көрүп келишти.

Молдокматов 26-июлда ачкачылык жарыялаган. Ал муну менен баш коргоо чарасын өзгөртүүнү эмес, кылмыш ишине тиешеси бар бардык адамдарга бирдей мамиле жасоону талап кылгысы келгенин билдирген.

Ал былтыркы 5-6 жана 9-октябрдагы окуялар боюнча имараттарды басып алууга жана массалык башаламандык уюштурууга айыпталууда.

Акыйкатчы институту билдиргендей, анын акыбалы канааттандырарлык. Бирок Молдокматов ден соолугу күн сайын начарлап жатканын айткан. Дарыгердин кароосунан өтүп, алар зарыл болгон анализдерди тапшырууну жана медициналык көзөмөлдөн өтүп турууну сунуштаган.

Молдокматов азыркы күнгө чейин 80 томдон турган кылмыш ишинин 17 тому менен таанышып чыккан. Ал №1 тергөө абагы иштин материалдары менен толук таанышууга мүмкүнчүлүк бербей турганын айтып, шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайынан эле карап чыгуусуна көмөктөшүүнү суранган.

Камактагы саясатчы Жеңиш Молдокматов ачкачылык жарыялады

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM