Биз менен байланышыңыз

Камактагы саясатчы Жеңиш Молдокматов ачкачылык жарыялады

Кыска кабар | 26 Июл 2021 | 574 | 0

Камакта жаткан TURAN партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу аталган партия билдирди.

Молдокматов коомчулукка жасаган кайрылуусунда жалган-жалаа менен кармалып жатканын айтып, ага карата тагылып жаткан айыптар саясий иш экенин билдирген.

«Бийлик жалган-жалаа менен мени үч айдан ашык кармашты. Туура эмес иштерин айтканым үчүн эркиндигиминен ажыратты. Бүгүн мага дагы бир ишти токушту. 9-октябрдагы окуя боюнча шектүү катары кине коюшууда. Сурак протоколуна, шектүү жөнүндө кабарламасына кол койгон жокмун. Бул бийликтин саясий чечимине макул эмесмин. Бүгүндөн баштап ачкачылык жарыялайм. Чындык үчүн күрөштө акыйкат чечим болбосо менин сөөгүм чыгат. Адилеттүү тергелишин талап кылам!», — дейт ал.

Бүгүн, 26-июлда Молдокматовго тергөө тарабынан 2020-жылдын 9-октябрындагы окуялар боюнча Жазык кодексинин 264-беренесинин 1-бөлүмү (массалык башаламандыкты уюштуруу) боюнча шектүү болгондугу тууралуу кабарлама берилген. Молдокматов ага кол коюудан баш тарткан.

Эскерте кетсек, 23-июлда Бишкек шаардык сотунда Молдокматовдун баш коргоо чарасы каралып, аны 6-сентябрга чейин камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечими күчүндө калтырылган.

Молдокматов май айынын башында былтыркы 5-6-октябрь жана 9-октябрдагы окуяларга байланыштуу кармалып, камакка алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM