Биз менен байланышыңыз

Орусиянын Канттагы Су-25 учактары машыгууларга катышуу үчүн Тажикстанга жөнөтүлдү

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Июл 2021 | 1514 | 0

Орусиянын Кант аскер базасындагы Су-25 аскер учактары тажик-ооган чек арасындагы машыгууларга катышуу үчүн Тажикстандын «Гиссар» аэродромуна жөнөтүлдү.

5-10-август күндөрү Тажикстандын Харб-Майдон полигонунда Орусия, Өзбекстан жана Тажикстандын биргелешкен машыгуулары өтөт. Ага миңден ашык аскер, 200 техника катышат.

Белгилей кетсек, 30-июлдан 10-августка чейин Орусия менен Өзбекстан Сурхан-Дарыя облусунда өзбек-ооган чек арасында аскер машыгууларын өткөрөт. Термез полигонундагы машыгууларга дээрлик 1,5 миң аскер кызматкери, 200дөй аскер техникасы катышат. Бул машууларга да Орусиянын Канттагы аскер учактары катышары айтылган.

Орусиянын Канттагы аскер учактары өзбек-ооган чек арасындагы машыгууларга катышат

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM