Биз менен байланышыңыз

Орусиянын Канттагы аскер учактары өзбек-ооган чек арасындагы машыгууларга катышат

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Июл 2021 | 876 | 0

Өзбекстан менен Орусиянын өзбек-ооган чек арасында өткөрө турган аскердик машыгууларына Кыргызстандагы орус базасынын аскер учактары катышат. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди.

Мурда айтылгандай машыгуулар 30-июлдан 10-августка чейин Сурхан-Дарыя облусунда өтөт. Термез полигонундагы машыгууларга дээрлик 1,5 миң аскер кызматкери, 200дөй аскер техникасы катышат.

Канттагы аскер базадан машыгууларга Су-25СМ учактары жөнөтүлөт.

Белгилей кетсек, мындан мурдараак Орусиянын Борбордук аскер аймагынын колбашчысы Александр Лапин 5-10-август күндөрү Тажикстандын Харб-Майдон полигонунда Орусия, Өзбекстан жана Тажикстандын биргелешкен машыгуулары өтөрүн билдирген.

Аталган машыгуулар Ооганстанда кырдаал курчуп жаткан учурда уюштурулууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM