Биз менен байланышыңыз

Былтыр парламенттик шайлоого катышкан партиялар шайлоо күрөөсүн артка алат

Кыска кабар | 29 Июл 2021 | 647 | 0

Былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого катышкан партиялар 5 млн сомдук күрөөсүн кайра алат. Бул тууралуу «Маралга» БШКнын мүчөсү Кайрат Маматов билдирди.

Анын айтымында, конституциялык мыйзамга тиешелүү өзгөртүү киргизилгендигине байланыштуу партияларга шайлоо күрөөсү кайтарылганы жатат.

«Конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизилгендиктен БШК кечээ күнкү отурумунда шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү чечимин чыгарды. Азыр каражат БШКнын депозиттик эсебинде турат. Акча саясий партиялардын эсебине которулуп берилет», — деди ал.

Былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого 16 партия катышкан: «Реформа», «Ата Мекен», «Биримдик», «Мекенчил», «Бир Бол», «Республика», «Ыйман Нуру», «Мекеним Кыргызстан», «Замандаш», «Бүтүн Кыргызстан», «Ордо», «Кыргызстан», «Чоң Казат», «Социал-Демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Ооган жана башка согуштардын ардагерлери» партиялары. Шайлоо учурунда мыйзам бузуулар көп болуп, ал төңкөрүшкө алып келгендиктен БШК шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп таанып, жокко чыгарган.

Белгилей кетсек, «Президент жана парламент депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга «шайлоо жараксыз деп таанылган учурда президенттикке талапкерлерге, партияларга шайлоо күрөөсү кайтарылат» деген өзгөртүү киргизилип, ага президент кол койгон.

«Шайлоо күрөөсү жөнүндө» мыйзам долбоорун депутат Улукбек Ормонов иштеп чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM