Биз менен байланышыңыз

Баткен: 15 үй-бүлө кайра тургузулган үйлөрүнө кирди

Кыска кабар | 29 Июл 2021 | 850 | 0

Апрель айында кыргыз-тажик чек арасындагы чырда талкаланган үйлөрдүн алтымышынын курулуш иштери бүткөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында экономика жана каржы министри Данияр Иманалиев билдирди.

Жыйында депутат Рыскелди Момбеков чек ара чырында турак жайы жарактан чыккан жарандарга үйлөрүн 2 айда бүткөрүү убадасы берилгенин эске салып, эмнеге дагы деле даяр болбогонун сурады.

Иманалиев үйлөр тез тургузулуучу курулмалардан салынып жатканын айтып, тиешелүү адистер Түркиядан кеч келгендиктен курулуш иши создугуп кеткенин билдирди.

«Бүгүнкү күнү 140 үйдүн 60ы бүткөрүлүп, 15 үйгө жарандар киргизилди», — деди ал.

Copyright © 2017 Maral FM