Биз менен байланышыңыз

Мирзиеев өзбекстандыктарды коронавируска каршы эмделүүгө чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Июл 2021 | 724 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев өлкө жарандарын коронавируска каршы эмделүүгө чакырды.

Ал белгилегендей, коронавируска каршы эмделгендер ооруну жеңил көтөрүүдө.

«Эмделгендер ооруканадан төрт күндө айыгып чыгууда. Эмделбегендерге оор болуп жатат. Эмделгенден кийин да ооруп калышы мүмкүн, бирок жеңил өтөт», — деди ал.

Ал окумуштуулар коронавируска каршы күрөшүү кеминде дагы 10 жылга уланарын айтып жатканын белгилеп, Өзбекстан «Спутник-V» жана өзбек-кытай вакцинасын өндүрүүнү пландаштырып жатканын билдирди.

Ошондой эле Мирзиеев айрым категориядагы жарандар эмдөөдөн өтүүгө милдеттендирилгени боюнча да пикирин айтып, ал аргасыз чечим экенин белгилеген.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда калкка кызмат көрсөткөн, жүргүнчү ташуу, мейманкана, билим берүү ж.б. жалпы 14 тармакта иштеген жарандар эмдөөдөн өтүүгө милдеттендирилген.

Бүгүн, 29-июлда Өзбекстанга COVAX программасы боюнча АКШдан Moderna вакцинасынын 3 млн дозасы келет.

29-июлда Өзбекстан COVAX программасы боюнча 3 млн доза вакцина алат

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM