29-июлда Өзбекстан COVAX программасы боюнча 3 млн доза вакцина алат

29-июлда Өзбекстан COVAX программасы боюнча коронавируска каршы Moderna вакцинасынын 3 млн дозасын алат. Вакцина АКШдан атайын учак менен алынып келет. Белгилей кетсек, кечээ, 26-июлда Тажикстан да COVAX программасы боюнча АКШдан Moderna вакцинасынын 1,5 млн дозасын алган. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, Кыргызстанга аталган программа боюнча вакцина август айынын ортолорунда келет.