Connect with us

29-июлда Өзбекстан COVAX программасы боюнча 3 млн доза вакцина алат

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Июл 2021 | 722 | 0

29-июлда Өзбекстан COVAX программасы боюнча коронавируска каршы Moderna вакцинасынын 3 млн дозасын алат.

Вакцина АКШдан атайын учак менен алынып келет.

Белгилей кетсек, кечээ, 26-июлда Тажикстан да COVAX программасы боюнча АКШдан Moderna вакцинасынын 1,5 млн дозасын алган.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, Кыргызстанга аталган программа боюнча вакцина август айынын ортолорунда келет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM