Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Оору 930 адамдан табылып, 13 киши каза болду

Кыска кабар | 29 Июл 2021 | 553 | 0

Бүгүн, 29-июлга карата Кыргызстанда коронавирус 930 адамдан табылды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча алганда, коронавирус Бишкек шаарында — 528, Ош шаарында — 4, Чүй облусунда — 142, Ош облусунда — 43, Талас облусунда — 16, Нарын облусунда — 17, Ысык-Көл облусунда — 57, Жалал-Абад облусунда — 67, Баткен облусунда — 56 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 1 миң 460 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан 13 адам каза болгон.

Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 3 миң 746 адам, ал эми амбулатордук түрдө 12 миң 164 бейтап дарыланууда.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 161 миң 15 учур катталды. Анын ичинен 141 миң 499 адам оорудан айыгып чыкты, 2 миң 301 бейтап каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM