Биз менен байланышыңыз

Парламент шайлоо мыйзамын колдоп берди

Кыска кабар , Саясат | 28 Июл 2021 | 2487 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттары «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамды экинчи жана үчүнчү окууда дароо колдоду.

Мыйзам долбооруна сунушталган өзгөртүүлөргө каттоодон өткөн жалпы 109 депутаттын 107си макул, экөө каршы добуш берди.

Регламент боюнча 81 добуш алса, мыйзам өттү деп эсептелет.

Мыйзам долбоорунда аялдарга берилген квота маселесинин сакталып, сакталбашы талкуу жаратты.

Документти президенттин буйругу менен түзүлгөн эксперттик-жумушчу топ иштеп чыккан, автору катары өлкө башчысы көрсөтүлгөн.

Садыр Жапаров сунуштаган мыйзам долбоору жаңы Конституцияга шайкеш келтирүүгө багытталган. Анда 90 депутатты аралаш (параллель) система менен шайлоо маселеси каралган.

Мыйзам долбоору парламентке биринчи окууга киргенде 35 депутатты бир мандаттуу округда мажоритардык система менен, 55 депутатты бирдиктүү шайлоо округу боюнча пропорционалдык система менен шайлоо сунушталган.

Экинчи окууда ага өзгөртүү киргизилип, 54 депутатты партиялык тизме, 36 депутатты бир мандаттуу округдардан шайлоо сунушталды. Мындай чечим депутаттардын президент Садыр Жапаров менен эки жолку жолугушуусунан кийин кабыл алынды.

Партиялар үчүн шайлоо босогосу өзгөртүлүп, 3 пайыздан 5 пайызга көтөрүлдү.

Шайлоо күрөөсүнүн суммасы ошол эле өлчөмдө калды — 1 миллион сом.

Үгүтчүлөрдүн саны да чектелди: бир партияга 10 миңден, ал эми бир мандаттуу округдарда 500дөн ашпаган агитатор алынат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Нуржан Шайлдабекова парламенттик шайлоо ноябрь айынын аягында өтүшү мүмкүн экенин айтты.

Депутат Рыскелди Момбеков шайлоо тууралуу мыйзам долбоору парламентке биринчи окууда киргенде босого чек 3 пайыз деп сунушталганын, азыр 5 пайызга жогорулаганынын себебин сурады.

«Бул мыйзам биринчи окууда кароого киргизилгенде шайлоо босогосу 3 пайыз эле, экинчи окууда 5 пайыз болуп калыптыр. Эки жолу чай бергенге эрип кеттиңерби же эмне болду? Эмне үчүн 2 пайыз кошулуп калды? Муну менен бечара партияларды чаап жатпайсыңарбы. Октябрда бир миллионго жакын добуш күйүп кеткен. «Мекенчил» партиясынын 132 миң, «Республика» партиясынын 120 миң, «Ата Мекендин» 80 миң, «Бир Болдун» 60 миң добушу күйгөн. Ушул 5 пайыздык босогонун айынан ыңкылап болду, дагы болбойт деп ким кепилдик бере алат?» — деди Момбеков.

Президент тарабынан сунушталган мыйзам долбооруна өзгөртүүлөр киргизилип, буга чейин сунушталган преференциалдык ыкма да кошулду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоо мыйзамына киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө байланыштуу тобокелдиктер бар экенин моюндап, жоопкерчиликти парламент менен бирге алышарын айтты.

«Аралаш шайлоо системасын киргизсек туура болот, ал балансталган система болчу. Ага кыска мөөнөттө даярдык көрүү мүмкүн болчу. Ишке ашыруу үчүн да жетиштүү убакыт бар болчу. Азыр депутаттар тобу дагы бир өзгөртүү катары преференциалдык ыкманы сунуштады. Мен мурда да айткам, шайлоодогу тобокелчиликтер мурун да бар болчу, азыр да бар. Баарын талкуулап чыкканбыз, чоң өзгөрүүлөр убакыт да, каражат да талап кылат. Жоопкерчиликке келгенде эле демилгечи топ эмес, чечимди чыгарып берген парламент да жоопкерчиликти бөлүшүүсү керек», — деди Шайлдабекова.

Депутат Жанар Акаев бул жолку парламенттик шайлоодо добуш сатып алууну кескин токтотууга чакырды.

«Өзүмдүн районумдан добуш сатып алам» дегендердин аты-жөнүн да билебиз. Ошолордун баарын биринчи эле күнү шайлоодон четтетүү керек. Жок эле дегенде 20 талапкерди четтетсе, калгандары ойлонуп калышат. Мен президент менен сүйлөштүм, саясий эркин көрсөтүп, добуш сатып алууларга катуу турарын айтып, саясий күчтөрдөн, элден жардам сурап жатат, биз муну колдошубуз керек», — деди Жанар Акаев.

Шайлоо тууралуу мыйзам долбоору талкууланып жатканда эл өкүлү Марлен Маматалиев БШКнын төрайымын бардык партияларга бирдей мамиле кылууга чакырды.Себеби шаардык кеңешке шайлоого катышкан айрым партиялардын мыйзам бузууларына көз жуумп койгонун жүйө келтирди.

«Мен сиздин төрайым катары акыйкат болууңузду каалайт элем. Айрым депутаттар же партиялар жагабы, жакпайбы, баарына бирдей карап берүүңүздөрдү өтүнөбүз. Ансыз деле Бишкек шаардык кеңешине талапкер көрсөткөн айрым партиялардын мыйзам бузуулары адилеттүү каралбай калды. Ошол жерде керек болсо айрым партиялар кечки, түшкү тамак алып келип жатышты, аны видеокамералардан көрсө болот. Ошол партиялар акча берди деген сөз тарады. Бул нерселер келечекте кайталанбашы керек. Бир партиянын мыйзам бузууларын бир түндө карадыңызбы, башкасын да бир түндө караңыз», — деди депутат Маматалиев.

Нуржан Шайлдабекова Маматалиевди кызмат ордунан пайдаланып, БШКнын ишине кийлигишпөөгө чакырды. Депутат анын сөзүнө комментарий бербөөнү өтүнүп, фактыларын керек болсо президентке киргизерин эскертти.

Шайлдабекова бардык мыйзам бузуу фактылары караларын айтып, жооп берди.

Мындай кайым айтышууга эл өкүлү Шайлообек Атазов да кошулду. Ал депутаттарга каяша айтып отурган жетекчилер кимге таянып жатканын сурап, ызырынды.

«Жогорку Кеңештин депутатына каяша сүйлөп отуруу эмне деген көрүнүш?! Депутат шаардык кеңешке катышкан партиялардын мыйзам бузууларын адилеттүү кароого чакырып жатат. Боршайкомдун адилетсиздигинен кайра-кайра революция болуп жатат. Сизге суроо бергенде каяша сүйлөбөй эле жооп берип коюңуз!» — деди Атазов.

Төрага Талант Мамытов Жогорку Кеңештин регламенти боюнча депутаттар суроо берүүгө жана жооп алууга укугу бар экенин айтты жана адамдын жекелигине асылбоого чакырды жана Шайлдабековага эскертүү берди.

Талкуу учурунда бир топ аял депутаттар өзгөртүүлөрдө аялдарга берилген квота 30 пайызга да жетпей калганын айтып сындашты.

Эл өкүлү Айнура Аскарова: «Бул жерде аялдар бийликке умтулуп, жулунуп жаткандай кабыл алынып калууда. Бирок кеп бийликти талашууда эмес, кеп мамлекеттик структуралардын ишинде аялдардын да салымы менен натыйжага жетишүү болуп эсептелет. 2005-2006-жылдары Жогорку Кеңеште бир да аял депутат болгон эмес. 2007-жылы 25 пайыз, 2010-жылы аял депутаттар эң көп болгон. 2016-жылдан баштап, парламентте аял депутаттардын саны азая баштаган, 15 пайыз болуп калган. Өзүңүздөр билгендей, Кыргызстан социалдык көйгөйлөрдөн башы чыкпай келет. Аны чечүүдө аялдардын салымы көбүрөөк натыйжа берет», — деди.

Талкуунун жыйынтыгында, шайлоо тууралуу мыйзам долбооруна экинчи окууда колдошту. Ага чейин депутаттар 10 мүнөт жабык жыйын өткөрүштү.

Copyright © 2017 Maral FM