Биз менен байланышыңыз

Шайлоо мыйзамы: Парламентке өтүү босогосу 5 пайызга көтөрүлдү

Кыска кабар | 28 Июл 2021 | 711 | 0

Бүгүн, 28-июлда парламенттин депутаттары шайлоо мыйзамдарына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү талкуулап жатат.

«Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун президенттин буйругу менен түзүлгөн жумушчу-эксперттик топ иштеп чыккан, автору катары өлкө башчы көрсөтүлгөн.

Садыр Жапаров сунуштаган мыйзам долбоору жаңы Конституцияга шайкеш келтирүүгө багытталган. Ага ылайык, 90 депутатты аралаш (паралелдик) система менен шайлоо үчүн жаңы шайлоо системасын киргизүү сунушталууда.

Мыйзам долбоору парламентке биринчи окууга киргенде 35 депутатты бир мандаттуу округда мажоритардык система менен, 55 депутат  бирдиктүү шайлоо округу боюнча пропорционалдык система менен шайлоо сунушталган.

Экинчи окууда ага өзгөртүү киргизилип, 54 депутатты партиялык тизме, 36 депутатты бир мандаттуу округдардан шайлоо сунушталды. Мындай чечим депутаттардын президент Садыр Жапаров менен эки жолку жолугушуусунан кийин кабыл алынды.

Партиялар үчүн шайлоо босогосу өзгөртүлдү — ал 3 пайыздан 5 пайызга көтөрүлдү.

Шайлоо күрөөсүнүн суммасы ошол эле өлчөмдө калды — 1 миллион сом.

Үгүтчүлөрдүн саны да чектелген — бир партияга 10 миңден, ал эми бир мандаттуу округдарда 500дөн ашпаган агитатор алынат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Нуржан Шайлдабекова парламенттик шайлоо ноябрь айынын аягында өтүшү мүмкүн экенин айтты.

Copyright © 2017 Maral FM