Биз менен байланышыңыз

Эсептөө палатасынын төрагасына кол тийбестик берүү сунушталууда

Кыска кабар | 28 Июл 2021 | 357 | 0

Бүгүн, 28-июлда парламенттин жыйынында «Эсептөө палатасы жөнүндө» конституциялык мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоорун депутаттар Эмиль Токтошев, Улан Примов, Тариел Жоробеков, Арысланбек Акбаров демилгелеген.

Жыйында депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоорунда Эсептөө палатасынын төрагасына кол тийбестик берүү сунушталып жатканын айтып, эмненин негизинде бериле турганына кызыкты. Депутаттын пикиринде, бул Башмыйзамда жок болгондуктан сунушталып жаткан ченемди кошуу кажетсиз.

Бекешевдин суроосуна мыйзамдын демилгечилеринин бири Токтошев жооп берди.

«Биздин бюджетке көзөмөл кылган жалгыз орган — Эсептөө палатасы. Конституцияда алардын көз карандысыздыгын камсыздоо тууралуу жазылган. Буга чейин УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы 2-3 аудиторго кылмыш ишин козгоп, 2-3 жыл кармап, эч нерсе таппагандан кийин кайра кое берген учурлар болгон. Бул мыйзам долбоору биринчи окууда каралууда. Сиздер сунушуңуздарды бериңиздер», — деди ал.

Copyright © 2017 Maral FM