Connect with us

Сот «Биздин Кыргызстан» партиясынын добуштарын тааныды

Кыска кабар | 28 Июл 2021 | 786 | 0

Быйыл 11-июлда Ош шаардык кеңешине болгон кайра шайлоодон «Биздин Кыргызстан» партиясын четтетүү тууралуу БШКнын чечими жокко чыгарылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, партия лидери Айбек Осмонов Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Ар бир добушуңуздарды эске алуу менен акыйкаттыктын шамы үлбүрөп, жарыгын чачты десем да болот. Бүгүн соттун чечими адилеттүү болду. Ош шаарындагы болуп өткөн шайлоодогу жыйынтыгыбызды Бишкектин административдик соту тааныды. Бул деген Кыргызстанда демократиянын эпкини бар экенин түшүндүрөт. Ушул адилеттүүлүктүн өмүрү узун болсун. Учурдагы чечим «Биздин Кыргызстан» партиябыздын жеке тарыхында жоон, сыялуу тамга менен жазылып калат десем болот», — деди Айбек Осмонов.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Маматовдун маалыматына караганда, чечимди Бишкектин административдик соту чыгарган.

Борбордук шайлоо комиссиясы Ош шаардык кеңешине өткөн шайлоого катышкан «Биздин Кыргызстан» партиясы алган добуштарды жараксыз деп тапкан. Буга талапкерлердин добуш сатып алууга аралашканын жүйө келтирген. Партия муну саясий чечим катары кабыл алып, сотко кайрылган.

Copyright © 2017 Maral FM