Биз менен байланышыңыз

Президент Жапаров Таалатбек Масадыковду кабыл алды

Кыска кабар | 27 Июл 2021 | 1441 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-июлда Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыковду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга президенттин администрациясынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана анын орун басарлары катышты.

Президент Таалатбек Масадыков аталган кызматка тышкы саясатты, аймактык коопсуздук маселелерин жакшы билгендиктен, Коопсуздук кеңешинин ролун бекемдөө аркылуу органдын ишинин натыйжалуулугун көтөрүү максатында дайындалганын айтты.

Жапаров Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басарынын негизги милдеттеринин бири улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, улуттук кызыкчылыктарды коргоо жаатында тышкы саясаттын негизги багыттарын аныктоо, улуттук коопсуздукка байланыштуу чакырыктар менен коркунучтарды божомолдоо, талдоо жана баалоо, аларды алдын алууга жана нейтралдаштырууга багытталган чараларды иштеп чыгуу боюнча сунуштарды берүү болуп эсептелерин белгиледи.

Ошону менен бирге ал Коопсуздук кеңешинин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, эл аралык жана башка уюмдар менен өз ара кызматташуусун натыйжалуу уюштурууну камсыз кылуу маанилүү экенин билдирди.

Жапаров Кыргызстан глобалдык чыңалууну азайтууга жана эл аралык коопсуздукту чыңдоога багытталган тең укуктуу жана ар тараптуу кызматташууну кеңейтүүнү жактай тургандыгын баса белгиледи.

Өз кезегинде Масадыков президентке ишеним көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Анын айтымында, азыркы кезде жалпысынан Борбор Азия регионундагы кырдаалды эске алганда, өлкөнүн улуттук коопсуздук маселелери өтө актуалдуу.

Масадыков өз ишинде аймактык коопсуздук маселелери боюнча өзүнүн болгон билими менен көп жылдык тажрыйбасын колдонууга даяр экенине белгиледи.

Кесиптештерине кайрылып, өлкөнүн өнүгүшү жана өлкө жарандарынын бакубатчылыгы үчүн ачык-айкын кызматташууга жана натыйжалуу иштөөгө даяр экенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM