Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 7,5 пайызга жогорулатты

Кыска кабар | 27 Июл 2021 | 497 | 0

Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 7,50 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу банктын расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, өнөктөш мамлекеттерде COVID-19 вирусунун жаңы штаммдарынын пайда болуу тобокелдиктерин эске алганда, экономиканын өнүгүүсүндө белгисиздик деңгээли жогорку чекте сакталып турат.

Кыргызстанда 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында, «Кумтөр» алтын кенин эске албаганда, ички дүң өндүрүмүнүн реалдуу өсүшү 3,7 пайызды түзгөн. Ошол эле учурда, өнөр жай өндүрүшү менен курулуш көлөмүнүн кыскарышы экономиканын толук масштабда калыбына келүүсүн чектеди.

2021-жылдын январь-май айларында жеке адамдардын акча которууларынын таза агып кириши 778,1 млн долларды түздү. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 45,3 пайызга жогорулаган.

Copyright © 2017 Maral FM