Биз менен байланышыңыз

COVID-19: дагы 14 киши каза болуп, 969 учур жаңы катталды

Кыска кабар | 27 Июл 2021 | 699 | 0

Кыргызстанда 27-июлга карата коронавирустан дагы 14 адам: Бишкек шаарында — 8, Чүй облусунда — 3, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда -2 бейтап каза тапты. Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча 2275 адам көз жумган.

Акыркы суткада коронавирус 969 адамдан аныкталды. Анын ичинде:

Бишкек шаарында – 611,

Ош шаарында – 6,

Чүй облусунда – 86,

Ош облусунда – 22,

Талас облусунда – 18,

Нарын облусунда – 20,

Ысык-Көл облусунда – 59,

Жалал-Абад облусунда – 88,

Баткен облусунда – 59 адамдан вирус табылган.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери жалпы 159 миң 89 адамга коронавирус жукту.

Акыркы суткада 1616 адам коронавирустан айыкты. Анын ичинен:

Бишкек шаарында – 1107,

Ош шаарында – 71,

Чүй облусунда – 179,

Ош облусунда – 47,

Талас облусунда – 8,

Нарын облусунда – 17,

Ысык-Көл облусунда – 28,

Жалал-Абад облусунда – 82,

Баткен облусунда – 77 бейтап айыгып чыкты. Жалпы сакайгандар 138 миң 316 киши.

Ооруканаларда 3935 бейтап, үйдө 13 миң 272 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде 24 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Стационардан 11, үй карантининен 23 медкызматкер чыгарылган.

Пандемия башталгандан бери 6378 медикке коронавирус жуккан, анын ичинен 5685и айыкты.

Copyright © 2017 Maral FM