Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Оору жуктургандар азая баштады, бирок эпидкырдал курч бойдон калууда

Кыска кабар | 26 Июл 2021 | 313 | 0

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны азая баштады, бирок эпидемиологиялык кырдал курч бойдон калууда. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Акыркы эки күндө – 25-июлда 995 жана 26-июлда 973 адамдан коронавирус табылган. Оору жуктургандардын саны акыркы эки күндө аз табылганы менен учурда эпидемиологиялык кырдаал жакшырды деп айтууга болбойт.

Штаб оорудан сактануу жана ооругандардын саны көбөйбөшү үчүн санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо жана эмдөөдөн өтүү зарыл экенин эскертет.

Эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин массалык иш-чараларды өткөрбөй жана аларга барбай туруу сунушталат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM