Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Дагы 12 адам көз жумду, 973 учур жаңы катталды

Кыска кабар | 26 Июл 2021 | 1107 | 0

Кыргызстанда 26-июлга карата дагы 12 адам коронавирустан көз жумду. Анын ичинен 8 учур Бишкекте, төрт учур Чүй облусунда катталды. Өлкөдө коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 2261ге жетти.

Акыркы суткада дагы 973 адам COVID инфекциясын жуктуруп алды. Анын эң көбү Бишкекте катталды:

  • Бишкек — 637;
  • Ош шаары — 23;
  • Чүй — 72;
  • Ош — 12;
  • Талас — 18;
  • Нарын — 18
  • Ысык-Көл — 39;
  • Жалал-Абад — 92;
  • Баткен — 62.

2020-жылы март айынан бери жалпы 158 120 адамга вирус жукту.

Бир суткада 11 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ооруканада дарыланып жаткан 21 медик, үй шартында дарыланып жаткан 28 кызматкер айыгышты.

Өлкөдө пандемия башталгандан бери жалпы 6 миң 354 медикке вирус жуккан, анын 5 миң 651и айыкты.

Акыркы суткада өлкө боюнча 1568 адам айыкты, жалпы сакайгандар 136 700гө жетти.

Copyright © 2017 Maral FM