Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө пункттары көбөйтүлдү

Кыска кабар | 26 Июл 2021 | 866 | 0

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө пункттары көбөйтүлдү. Республикалык штабдын маалыматына караганда, 16-июлдан баштап Бишкектеги «ГУМ Чынар», «Берекет» соода борборлорунда, «Аламүдүн» базарында кошумча убактылуу эмдөө пункттары ачылды.

Өлкө калкын массалык түрдө эмдөө максатында 914 убактылуу эмдөө пункту ачылган, анын ичинен 646сы мамлекеттик медициналык мекемеде, 10у жеке медициналык мекемеде, 100ү жалпы билим берүү мекемеде, 12си соода-оюн зоок мекемеде, 12си маданий-спорттук мекемеде, 31и базарларда жайгашкан.

Ошондой эле күнү- түнү төмөнкү эмдөө пункттары иштеп жатат:

Бишкек шаары (15 ҮМБ, 5 ҮМБ, студенттердин бейтапканасы);

Ош шаары (Ак-Тилек кичи районундагы шаардык оорукана, Курманжан Датка, 122 дарегинде жайгашкан «Тез жардам» станциясы, Курманжан Датка, 157 дарегинде жайгашкан шаардык оорукананын эски имараты);

Ысык-Көл облусу ( Каракол шаарындагы медициналык колледж, Чолпон-Ата шаарындагы ЖДПБ);

Жалал-Абад облусу ( №1 ҮДТ, Жалал-Абад БҮМБ).

26-июлга карата Кыргызстанда 460 миңден ашуун жаран коронавируска каршы эмделди. Анын 107 миңден ашууну эки дозаны тең алышты. Учурда өлкөдө вакциналардын 1 миллион 100 миңдей запасы бар.

Кыргызстандыктар Кытайдын Sinopharm, Европанын AstraZeneca жана Орусиянын Sputnik-V вакцинасы менен эмделүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM