Биз менен байланышыңыз

Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары 6-августта Түркмөнстанда жолугушат

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Июл 2021 | 972 | 0

Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин саммити 6-августта Түркмөнстандын улуттук «Аваза» туристтик аймагында өтөт.

Кечээ, 24-июлда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов телефон аркылуу сүйлөшүп, жолугушууга карата көрүлүп жаткан даярдыктарды талкуулаган. Анда иш-чаранын күн тартиби жана жолугушууну өткөрүүнүн программасы тууралуу сөз болгон.

Белгилей кетсек, Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин кеңешме жолугушуусу былтыр Бишкекте өтмөк. Бирок коронавируска байланыштуу 2021-жылга жылдырылып, жолугушуу Түркмөнстанда өткөрүлөрү айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM