Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Оору 995 адамдан табылып, 1 миң 688 киши айыгып чыкты

Кыска кабар | 25 Июл 2021 | 1018 | 0

Бүгүн, 25-июлга карата Кыргызстанда коронавирус 995 адамдан табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Аймактар боюнча алганда, коронавирус Бишкек шаарында — 542, Ош шаарында — 14, Чүй облусунда — 178, Ош облусунда — 29, Талас облусунда — 24, Нарын облусунда — 21, Ысык-Көл облусунда — 48, Жалал-Абад облусунда — 79, Баткен облусунда — 60 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 1 миң 688 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан 11 адам каза болгон.

Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 4 миң 180 адам, ал эми амбулатордук түрдө 14 миң 312 бейтап дарыланууда.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 157 миң 147 учур катталды. Анын ичинен 135 миң 132 адам оорудан айыгып чыкты, 2 миң 249 бейтап каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM