Биз менен байланышыңыз

Токио Олимпиадасындагы кыргызстандыктардын оюндарга чыгуу графиги

Кыска кабар , Спорт | 24 Июл 2021 | 1507 | 0

Токио Олимпиадасындагы кыргызстандыктардын оюндарга чыгуу  графиги

Оор атлетика

Бекдөөлөт Расулбеков 1996-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери. 31-июлда Бишкек убактысы боюнча саат 8:50дө 96 кг салмакта мелдешке катышат

Оор атлетика борюнча мелдеште жалпы 15 спортчу А жана B тайпаларына бөлүштүрүлөт.

Эркин күрөш

Эрназар Акматалиев 1998-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын спорт чебери. Ал 6-августта Бишкек убактысы боюнча саат 8:00дө 65 кг салмакта күч сынайт. Бул мелдешке жалпы 16 спортчу катталган.

Айаал Лазарев 1986-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери. 5-августта Бишкек убактысы боюнча саат 8:30да 125 кг салмакта күрөшөт.

Жалпы 16 спортчу ушул салмакта катталган.

Грек-рим күрөш

Жоломан Шаршенбеков 1999-жылы туулган, Кыргыз  Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери. 1-августта Бишкек убактысы боюнча саат 8:00дө 60 кг салмакта катышат мелдешке чыгат. Жалпы 16 спортчу ушул салмакта катталган.

Акжол Махмудов 1999-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери. 2-августта Бишкек убактысы боюнча саат 8:00дө 77 кг салмакта беттешке катышат. Жалпы 16 спортчу ушул салмакта катталган.

Атабек Азизбеков 1995-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери. 3-августта Бишкек убактысы боюнча саат 8:30да 87 кг салмакта күч сынайт. Жалпы 16 спортчу ушул салмакта каталган.

Узур Джузупбеков 1996-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери. 2-августта 97 кг салмакта катышат (11:30 Япония убактысы) (8:30 Бишкек убактысы)

Жалпы 16 спортчу ушул салмакта катталган.

Аялдар күрөшү

Айсулуу Тыныбекова 1993-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын Эмгек синирген спорт чебери. 3-августта 62 кг салмакта 16 спортчунун арасында күрөшөт. Мелдеш катышат Бишкек убактысы боюнча саат 8:30да болот.

Мээрим Жуманазарова 1999-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери. 2-августта Бишкек убактысы боюнча саат 8:30да 68 кг салмакта күч сынайт.

Жалпы 16 спортчу ушул салмакта катталган.

Айпери Медет кызы 1999-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери. 1-августта Бишкек убактысы боюнча саат 8:00дө 76 кг салмакта катышат.

Дзюдо күрөшү

Владимир Золоев 1993-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери. 27-июлда Бишкек убактысы боюнча саат 8:00дө 81 кг салмакта мелдешке чыгат. Бул салмакта 64 спортчу катталган.

Сууда сүзүү

Денис Петрашов 2000-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери. 24-июлда брасс 100 метр аралыкта катышат. Бишкек убактысы боюнча саат 17:55) Жалпы 50 спортчу каталган.

Денис Петрашов мындан тышкары, 27-июлда брасс 200 метр аралыкта да мелдешет. Аны Бишкек убактысы 16:50дө көрүүгө болот. Жалпы 40 спортчу катталган.

Фехтование 

Роман Петров 1991-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери. 25-июлда Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 6:30да шпага түрү боюнча катышат. Жалпы 36 спортчу катталган.

Жеңил атлетика

Дарья Маслова 1995-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген спорт чебери. 7-августта Бишкек убактысы боюнча 4:00дө 42 чакырым “Марафон” аралыкта катышат чуркайт. Жалпы 88 спортчу катталган.

Нурсултан  Кенешбеков 2000-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын спорт чебери. 3-августта Бишкек убактысы боюнча 17:00дө 43 спортчу менен бирге 5000 м аралыкка чуркайт.

Олимпиада Оюндарын «КТРК Спорт» жана «КТРК Спорт 2» телеканалдарынан көрүүгө болот.

Олимпиада оюндары 23-июлдан 8-августка чейин болот. Кыргызстандан 16 кыргыз спортчусу барган.

Copyright © 2017 Maral FM