Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу тууралуу толугураак маалымат

Кыска кабар | 24 Июл 2021 | 3590 | 0
Сүрөт социалдык тармактан алынды

Бүгүн, 24-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкканын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы кабарлады.

Баткен облусунун Баткен районунун Кум-Мазар аймагында Тажикстандын тургундары кыргыз тараптын макулдугусуз кум тазалоо ишин жүргүзө башташкан. Ал жерге Кыргызстандын чек арачылары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар келип, тажиктерден ишти токтотууну талап кылышкан.

Тажик тараптын эли буга макул болгон эмес жана Кыргызстандын жаранын сабоого аракет кылышкан. Андан ары кыргыз- тажик тургундарынын ортосундагы оозеки айтышуу мушташка айланып, бири-бирине таш ыргытышкан.

Бул учурда Тажикстандын чек арачылары Кыргызстан тарапка ок аткан. Буга Кыргызстандын чек арачылары да жооп иретинде ок чыгарышкан.

Атышуунун натыйжасында кыргыз тараптан жаракат алгандар болгон жок. Окуя болгон жерде Чек ара кызматынны Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев бар.

Учурда Кум-Мазар аймагында эки тараптын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп жатат. Чек арада абал туруктуу.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев абалды жөнгө салуу жана чагымчылдыкка жол бербөө боюнча Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Жеринде президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев, Баткен районунун акими жана облустук тиешелүү күч органдарынын жетекчилери жергиликтүү эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM