Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Дагы 11 бейтап көз жумду, 1147 бейтап жаңы катталды

Кыска кабар | 24 Июл 2021 | 1009 | 0

Кыргызстанда 24-июлга карата 1147 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинде:

Бишкек шаарында – 661,

Ош шаарында – 8,

Чүй облусунда – 153,

Ош облусунда – 59,

Талас облусунда – 20,

Нарын облусунда – 26,

Ысык-Көл облусунда – 52,

Жалал-Абад облусунда – 95,

Баткен облусунда – 73 адамдан вирус табылган.

Муну менен өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 156 миң 152ге жетти.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 8, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2 бейтап каза болду. Коронавирустун жалпы өлүм учурлары 2238ге жетти.

Бир суткада 1306 адам илдеттен сакайды, жалпы айыккандар 133 миң 444 киши.

Мындан тышкары, акыркы бир суткада 31 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Ооруканадан 17, үй карантининен 26 медкызматкер айыкты.

Пандемия башталгандан бери 6326 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, анын ичинен 5576сы айыкты.

Бүгүнкү күндө ооруканаларда 4143 бейтап, үй шартында 15 миң 60 адам дарыланууда.

Copyright © 2017 Maral FM