Биз менен байланышыңыз

Антикоррупциялык кеңеш бизнес коомчулугун жолугушууга чакырат

Кыска кабар | 24 Июл 2021 | 341 | 0

Президенттин алдындагы Антикоррупциялык ишкердик кеңеш бизнес коомчулугун жолугушууга чакырат. Жолугушуу 27-июлда өкмөт үйүндө өтөт.

Анда Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин курамынын өзгөрүүсү үчүн критерийлер, кеңештин ишин уюштуруу жана башка маселелер талкууланат.

Быйыл 8-июлда президенттин Жарлыгы менен Антикоррупциялык ишкердик кеңеш түзүлгөн. Анын негизги максаты, коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын  өркүндөтүү болуп эсептелет.

12-июлда Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы болуп Нурипа Муканова дайындалган.

Жолугушууга катышуу үчүн secretariat.adc@gmail.com электрондук дарекке же 0555 347 141 ватсапп номерине мекеменин толук атын, өзүнүн аты-жөнүн, электрондук дарегин жана байланыш номерлерин жазуу керек. Катышууну каалагандар 26-июль саат 24:00гө чейин билдирүүнү жибериши керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM