Президенттин алдындагы Антикоррупциялык ишкердик кеңеш бизнес коомчулугун жолугушууга чакырат. Жолугушуу 27-июлда өкмөт үйүндө өтөт.
Анда Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин курамынын өзгөрүүсү үчүн критерийлер, кеңештин ишин уюштуруу жана башка маселелер талкууланат.
Быйыл 8-июлда президенттин Жарлыгы менен Антикоррупциялык ишкердик кеңеш түзүлгөн. Анын негизги максаты, коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын өркүндөтүү болуп эсептелет.
12-июлда Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы болуп Нурипа Муканова дайындалган.
Жолугушууга катышуу үчүн secretariat.adc@gmail.com электрондук дарекке же 0555 347 141 ватсапп номерине мекеменин толук атын, өзүнүн аты-жөнүн, электрондук дарегин жана байланыш номерлерин жазуу керек. Катышууну каалагандар 26-июль саат 24:00гө чейин билдирүүнү жибериши керек.