Биз менен байланышыңыз

Жол куруу. Бишкек мэриясынын кызматкери пара менен кармалды

Кыска кабар | 24 Июл 2021 | 990 | 0

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгынын кызматкери М.А мурда алынган 9 миң доллар паранын 6 миң долларын кайтарып берүү учурунда кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Кармалган адам Кытай грантынын эсебинен оңдолуп жаткан Түгөлбай-Ата (Линейная) көчөсүнүн реконструкциялоо долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн жолдун боюнда жайгашкан соода объектисин сактап калууда кафе ээсинен 9 миң доллар пара алгандыгы аныкталган.

23-июлда пара алуу боюнча жетиштүү далилдер болгондугуна байланыштуу кызматкер кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Азыркы учурда бул кылмыштын жасалышына тиешеси бар адамдарды аныктоо иш-чаралары жүрүп жатат.

21-июлда эле Бишкек мэриясы Түгөлбай-Ата көчөсүнүн Орозбековдон Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө унаа жолун реконструкциялоо иштери жүргүзүлөрүн кабарлаган.

Көчө “Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруунун алкагында, Кытайдын гранттык каражаттарынын эсебинен оңдолот.

Оңдолуп жаткан тилкенин узундугу 1280 метр, ал эми жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 15,6 метр. Ошондой эле тротуар жана сугат тутуму жаңыланат. Жолдорду оңдоо учурунда тоскоол болгон айрым объектилер да бузулат.

Copyright © 2017 Maral FM