Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Мамкызмат жана бир нече тармактын кызматкерлерин эмдөөгө милдеттендирүү сунушталды

Кыска кабар | 23 Июл 2021 | 2879 | 0

Бүгүн, 23-июлда Саламаттык сактоо министрлиги эмдөөгө милдетүү болгон иштердин тизмесин толуктоо боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Ага ылайык, кызматкерлери эмдөөдөн өтүү милдеттүү болгон жумуштардын катары бир нече тармак киргизилет:

  1. Менчик түрүнө карабай коммуналдык кызмат жана жашоо-тиричиликти камсыз кылуу тармактарында тейлөө көрсөтүү менен байланышкан иш;
  2. Менчик түрүнө карабай өндүрүш жана кайра иштетүү өнөр жайы менен байланышкан жумуш;
  3. Менчик түрүнө карабай медициналык кызмат менен байланышкан иш;
  4. Менчик түрүнө карабай калкка кызмат көрсөтүү менен байланышкан жумуш;
  5. Менчик түрүнө карабай жүргүнчүлөрдү ташуу жана аба аркылуу жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуу менен байланышкан иш;
  6. Калкка байланыш, телекоммуникация, эс алуу жана маданий иш-чара уюштуруу менен байланышкан жумуш;
  7. Мамлекеттик мекеме, министрлик, ведомство жана анын бөлүмдөрүндөгү иш.

Эскерте кетсек, 22-июлда республикалык штаб башка мамлекеттерде кээ бир категориядагы жарандарды коронавируска каршы милдетүү эмдөөдөн өткөрүү тажрыйбасы колдонулуп жаткандыктан Саламаттык сактоо министрлигине үч күндүн ичинде Жугуштуу ооруларга чалдыгуу тобокелдиги чоң жана алдын алуу эмдөөсүнөн өтүүнү талап кылган иштердин тизмесин толуктоо боюнча сунуш берүүнү тапшырган.

COVID-19: Кыргызстанда айрым тармактарда иштеген жарандар эмдөөдөн өтүүгө милдеттендирилет

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM