Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Кыргызстанда айрым тармактарда иштеген жарандар эмдөөдөн өтүүгө милдеттендирилет

Кыска кабар | 22 Июл 2021 | 1184 | 0

Кыргызстанда айрым тармактарда иштеген жарандар COVID-19га каршы эмделүүгө милдеттендирилет. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесинде белгилүү болду.

Кеңешмеде өлкөдөгү эпидемиологиялык абал жана коронавируска каршы эмдөө боюнча өнөктүктүн жүрүшү талкууланган.

Дүйнөнүн бир нече мамлекетинде кээ бир категориядагы жарандарды коронавируска каршы милдетүү эмдөөдөн өткөрүү тажрыйбасы колдонулуп жаткандыктан Саламаттык сактоо министрлигине үч күндүн ичинде Жугуштуу ооруларга чалдыгуу тобокелдиги чоң жана алдын алуу эмдөөсүнөн өтүүнү талап кылган иштердин тизмесин толуктоо боюнча сунуш берүү тапшырылган.

Ошондой эле штабдын отурумунда мамлекеттик органдарга, жергиликтүү бийликке эмдөөнүн жүрүшүн тездетүү тапшырмасы берилген.

Кыргызстанда мамкызматкерлер COVID-19га каршы эмделүүгө милдеттендирилди

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM