Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда президенттик шайлоо өнөктүгү башталды

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Июл 2021 | 1059 | 0

Бүгүн, 23-июлда Өзбекстанда президенттик шайлоо өнөктүгү башталды. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Шайлоо 24-октябрда өтөт. Мыйзамга ылайык, Өзбекстанда шайлоо өнөктүгүнүн башталышы жарыяланган күнгө чейин 4 ай мурда каттоодон өткөн партиялар гана президенттике талапкерди көрсөтө алат. Ага байланыштуу учурда коңшу мамлекетте президенттикке талапкерди 5 партия сунуштай алат: «Адолат» социал-демократиялык партиясы, «Миллий тикланиш» демократиялык партиясы, Өзбекстандын либералдык-демократиялык партиясы, Элдик демократиялык партия жана Экологиялык партия.

Мындан мурда Өзбекстанда президенттик шайлоону өткөрүүгө 300 млрд сум (28 млн 307 миң доллар) кетери айтылган.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда жашы 35тен кичүү болбогон, мамлекеттик тилди жакшы билген, шайлоо болгонго чейин Өзбекстанда 10 жыл жашаган жаран президенттике талапкер боло алат. Президент 5 жылга шайланат.

Өзбекстан президенттик шайлоону өткөрүүгө 300 млрд сум сарптайт

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM