Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан президенттик шайлоону өткөрүүгө 300 млрд сум сарптайт

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Июн 2021 | 778 | 0

Өзбекстанда быйыл күздө өтө турган президенттик шайлоого бюджеттен 300 млрд сум бөлүнөт. Бул тууралуу Өзбекстандын Podrobno.uz агенттиги жазды.

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, 14 аймактык шайлоо комиссиясына 56,9 млн сумдан, 10 миң 800 участкалык шайлоо комиссиясына 11,8 млн сумдан берилет. Ал каражаттын 80%ы айлык акы, кенемте жана социалдык төлөмдөргө кетет.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу каражаттын бир бөлүгү жеке коргонуу каражаттарын, дезинфекциялоочу каражаттарды алууга сарпталат.

Эскерте кетсек, Өзбекстанда президенттик шайлоо 24-октябрда өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM