Биз менен байланышыңыз

Вакцина алган аялдын өлүмүн соттук-медициналык комиссия иликтейт

Кыска кабар | 23 Июл 2021 | 3065 | 0

Коронавируска каршы эмдөө алгандан кийин көз жумганы айтылган аялдын өлүмүн соттук-медициналык комиссия иликтейт.

Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифингде кабарлады.

22-июлда Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун Токсикология бөлүмүндө 1975-жылы туулган И.Н аттуу аял көз жумган. Анын уулунун маалыматы боюнча, бейтап 19-июлда коронавируска каршы Спутник V вакцинасын алган.

Бул учурду иликтөө үчүн 22-июлда министрликте комиссия түзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгында бейтап эмнеден каза болгону аныкталат.

Бейтаптын кызы 24.kg агенттигине окуя тууралуу айтып берген:

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 318 миң, экинчи дозасын 103 миң 941 жаран алды. Өлкө аймагында жалпы 847 эмдөө пункту ачылган.

11-июлда Кыргызстанга Кытайдан “Синофарм” вакцинасынын 1,2 млн дозасы келип, аймактарга бөлүштүрүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM