Биз менен байланышыңыз

ИИМ: «Головной» стратегиялык объект болгондуктан атайын кайтарууда турат

Кыска кабар | 22 Июл 2021 | 793 | 0

Баткен облустук милициясы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайга тажик тарап видеобайкоо камераларын орнотту деген маалымат боюнча түшүндүрмө берди.

Облустук милициядан белгилешкендей, Ак-Сай айыл аймагындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайы стратегиялык аймак болгондугуна байланыштуу ИИМдин атайын кайтаруусунда турат.

Апрелдин аягында чек арадагы окуя учурунда ал жерге орнотулган видеокөзөмөл камераларына талкаланып, жараксыз болуп калган. Бүгүнкү күндө талкаланган жерлер кайрадан калыбына келтирилип, эки элдин ортосундагы чыр-чатактын алдын алуу үчүн эки тарап тең өз аймактарына видеокөзөмөл камераларын орнотушкан.

Азыркы учурда аталган аймакты ИИМдин кызматкерлери кайтарып, көзөмөл жүргүзүүдө. Абал туруктуу.

Белгилей кетсек, буга чейин «Азаттыктын» тажик кызматы Исфара шаарынын мэри Баховаддин Баходурзодага таянып тажик тарап «Головнойдон» 10 метр алыс жердеги бакка видеокөзөмөл камераларын орнотконун жазган.

Министрлер кабинетинин Баткендеги өкүлчүлүгү тажик тарап «Головнойдун» аймагына камера орнотпогонун билдирген.

Баткен: «Головнойго» тажик тарап видеокөзөмөл орноткон жок

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM