Биз менен байланышыңыз

Баткен: «Головнойго» тажик тарап видеокөзөмөл орноткон жок

Кыска кабар | 22 Июл 2021 | 949 | 0

«Головной» суу бөлүштүрүүчү жайдын аймагына видеокөзөмөл орнотулган эмес. Бул тууралуу «Маралга» Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

«Головной»суу бөлүштүрүүчү жайдын аймагына видеокөзөмөл коюлган эмес жана коюлбайт дагы. Бүгүнкү күндө суу бөлүштүрүүчү жайдын аймагында жана жолдордо эч кандай видеокөзөмөл каражаттары жок. Кыргызстан тарап аталган аймактагы постту оңдоп-түзөө учурунда өз аймагына видеокөзөмөл каражаттарын койгон. Тажикстан тараптан да оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, 28-29-апрель күндөрү талкаланган видеокөзөмөл каражаттарын кайрадан орнотушкан. Анын негизги максаты чыр-чатактарды алдын алуу жана болтурбоо болуп саналат», — деп айтылат маалыматта.

Өкүлчүлүк кыргыз-тажик чек ара аймактарында коомдук абал тынч жана күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө экенин белгилейт.

Белгилей кетсек, буга чейин «Азаттыктын» тажик кызматы Исфара шаарынын мэри Баховаддин Баходурзодага таянып тажик тарап «Головнойдун» жанына видеокөзөмөл камераларын орнотконун жазган. Камералар 19-июль күнү мурункудай электр мамысына эмес «Головнойдон» 10 метр алыс жердеги бакка орнотулган.

«Видеокөзөмөл камералары эмнеге керек? Ал суунун бөлүштүрүлүшүн көзөмөлдөө жана деңгээлин ченөө үчүн зарыл. Камера мамлекеттер ортосундагы чек араны аныктабайт. «Головной» боюнча айтсак, эки тарап кол коюлган макулдашууга ылайык өзүнө алган милдеттерин так аткарып жатат», – деген ал.

Эскерте кетсек, апрель айынын аягында кыргыз-тажик чек арасындагы чыр тажик тарап «Головнойдо» электр мамысына камера орното баштагандыктан чыккан.

 

Copyright © 2017 Maral FM