Биз менен байланышыңыз

«Бишкек менен Оштун мэрлеринин статусу акимдерден төмөн болгону туура эмес»

Кыска кабар | 22 Июл 2021 | 543 | 0

Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин статусу акимдерден төмөн болгону туура эмес. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин 22-июлдагы жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев айтты.

Эл өкүлдөрү “Министрлер кабинети жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда карап жатышат.

Төрөбаев Конституцияда президент акимдерди, ал эми Министрлер кабинетинин башчысы Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин дайындайт деп жазылганын айтты. Муну менен Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин статусу акимдердин деңгээлинен төмөн болуп калган.

Эл өкүлү мыйзам долбоору чийки экенин, баяндамачылар алмаштырылышы керектигин талап кылды.

“Министрлер кабинети жөнүндө” мыйзам долбоору тууралуу Юстиция министри Асел Чыныбаева баяндама жасады. Документ президенттин демилгеси менен иштелип чыккан.

Депутаттар «Министрлер кабинети жөнүндө» мыйзамга нааразылык билдиришүүдө

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM