Биз менен байланышыңыз

Депутаттар «Министрлер кабинети жөнүндө» мыйзамга нааразылык билдиришүүдө

Кыска кабар | 22 Июл 2021 | 699 | 0

Бүгүн, 22-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары «Министрлер кабинети жөнүндө» мыйзамдын долбоорун биринчи окууда талкуулап жатышат.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси катары президент көрсөтүлгөн. Баяндаманы Юстиция министри Асел Чыныбаева жасады.

Документти буга чейин парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети караган.

Депутат Каныбек Иманалиев «Министрлер кабинети жөнүндө» мыйзам долбоору кабыл алынса Жогорку Кеңештин кереги жок болуп каларын, бул документтин ченемдери мамлекеттик бийлик институттарын алсыратууга багытталганын айтты. Себеби сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда министрлер кабинети президентке гана баш иет деген берене бар.

«Мыйзам долбоордун 3-беренесинде министрлер кабинети өз ишин президенттин гана тапшырмаларынын жана көрсөтмөлөрүнүн негизинде жүргүзөт деп айтылат. Жогорку Кеңеш жөнүндө бир дагы сөз жок. Министрлер кабинети президентке гана жооп берет. Мындай көрүнүш 30 жылдан бери болгон эмес. Мындай мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин парламент өзүнүн актуалдуулугун жоготот», — деди Каныбек Иманалиев.

Дагы бир эл өкүлү Сайдулла Нышанов да бул мыйзам долбооруна каршы ойлорун билдирди. Мыйзамда айтылгандай, эгер президент сунуш кылган талапкерлер парламентте үч жолу тең өтпөсө, анда президент министрлер кабинетинин башчысын жана министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындай алат деп айтылган.

Депутат Нышанов: «Эгер президент сунуштаган талапкер үч жолу өтпөй калса, анда аны кайрадан дайындоонун эмне кереги бар? Андан кийин президент өзү коет деп эле жазып койгула биротоло. Анда парламенттин таптакыр кереги жок. Азыр мамлекеттер демократияга умтулуп жатышат. А сизге окшогон министрлер президентти туура эмес жолго салып жатышат», — деди Нышанов.

Эл өкүлдөрү мыйзам долбоору чийки экенин, баяндамачылардын толук маалыматы жок экенин айтып сындашууда. Депутат Абдывахап Нурбаев да баяндамачылар мыйзам долбоорун түшүндүрүп берүүгө даяр эмес экенин айтып, бул мыйзамды күн тартибинен алып салууну сунуштады.

Демилгечилер мыйзам долбоорунун концепциясын биринчи окууда кабыл алууну өтүнүп, сунуштар экинчи окууда эске алынарын айтып жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM