Биз менен байланышыңыз

COVİD-19: Дагы 12 бейтап каза болду, 1169 учур жаңы катталды

Кыска кабар | 22 Июл 2021 | 1143 | 0

Кыргызстанда 22-июлга карата дагы 1169 адамдан коронавирус  аныкталды.

Анын ичинен:

Бишкек шаарында – 760,

Ош шаарында – 13,

Чүй облусунда – 132,

Ош облусунда – 31,

Талас облусунда – 12,

Нарын облусунда – 17,

Ысык-Көл облусунда – 52,

Жалал-Абад облусунда – 76,

Баткен облусунда – 76 адамдан вирус табылды.

Муну менен өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 153 миң 878ге жетти.

Акыркы суткада 1837 бейтап илдеттен сакайды. Пандемия башталгандан бери 130 миң 742 адам коронавирустан айыкты.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 6, Чүй облусунда 4, Нарын облусунда бир, Баткен облусунда бир бейтап каза болду.

Бул илдеттен улам көз жумгандардын жалпы саны 2217 киши.

Бүгүнкү күндө ооруканалардв 4 миң 356 бейтап, үй шартында 16 миң 9 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде 29 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Стационардан 8, ал эми үй карантининен 27 медкызматкер чыгарылган.

Пандемия башталгандан бери 6 миң 267 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 499 медкызматкер айыгып чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM