Биз менен байланышыңыз

Президенттин депутаттар менен жолугушуусунда каралган маселелер

Кыска кабар | 22 Июл 2021 | 661 | 0

Президент Садыр Жапаров 21-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушту.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушууда учурдагы социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий маселелер, парламенттин кароосунда турган актуалдуу мыйзам долбоорлору боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчы өлкөнүн саясий жана коомдук турмушундагы Жогорку Кеңештин маанилүү ролун белгилеген.

Ал бардык күчтү мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын курууга багыттоо зарылдыгын айткан.

Садыр Жапаров жарандардын мамлекеттик бийлик институттарына жана мыйзамдуулук үстөмдүгү принциптерине болгон ишенимин бекемдөө маанилүү экенин белгилейт.

Copyright © 2017 Maral FM