Биз менен байланышыңыз

2032-жылы жайкы Олимпиада оюндары Австралиянын Брисбен шаарында өтөт

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 21 Июл 2021 | 1202 | 0

2032-жылы жайкы Олимпиада оюндары Австралиянын Брисбен шаарында өтөт. Мындай чечим бүгүн, 21-июлда Эл аралык Олимпиада комитетинин 138-сессиясында кабыл алынды.

Олимпиада оюндарын Брисбенде өткөрүүнү уюмдун 72 мүчөсү колдосо, бешөө каршы болду.

Буга чейин Австралияда жайкы Олимпиада оюндары эки жолу өткөрүлгөн: 1956-жылы Мельбурнда жана 2000-жылы Сиднейде.

Эскерте кетсек, 2024-жылкы Олимпиада оюндары Парижде (Франция), ал эми 2028-жылкы Оюндар Лос-Анджелесте (АКШ) өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM