Биз менен байланышыңыз

Президент өкмөткө табигый кырсыктарды алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды

Кыска кабар | 21 Июл 2021 | 802 | 0

Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетине табигый кырсыктарды алдын алуу боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жапаров ар кандай табигый кырсыктардын (сел, жер көчкү, суу ташкыны) ыктымалдыгы жогорулап жаткандыгына байланыштуу тиешелүү орган жана кызматтардын кызматкерлери жогорку даярдыкта иштөө режимине өтүшү керектигин белгилеген.

Ал билдиргендей, жарандардын өмүрүнүн (ден соолугунун) жана алардын мүлктөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кооптуу аймактарга байкоо жүргүзүп, көзөмөл кылуу зарыл.

Жапаров табигый кырсыктын кесепетинен каза болгондор менен жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Бардык жабыр тарткандарга мамлекет тарабынан тиешелүү колдоо көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, Министрлер кабинетине Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы селдин кесепеттерин жоюу иштерин тездетүү да тапшырылган.

Copyright © 2017 Maral FM