Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Оору 1 миң 102 адамдан табылып, 9 киши каза болду

Кыска кабар | 21 Июл 2021 | 783 | 0

Бүгүн, 21-июлга карата Кыргызстанда коронавирус 1 миң 102 адамдан табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Аймактар боюнча алганда, коронавирус Бишкек шаарында — 827, Ош шаарында — 10, Чүй облусунда — 65, Ош облусунда — 24, Талас облусунда — 9, Нарын облусунда — 12, Ысык-Көл облусунда — 55, Жалал-Абад облусунда — 20, Баткен облусунда — 80 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 1 миң 213 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан 9 адам каза болгон: Бишкекте – 5, Чүйдө – 3, Нарында – 1 киши.

Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 4 миң 509 адам, ал эми амбулатордук түрдө 15 миң 856 бейтап дарыланууда. Ооруканаларда дарыланып жаткандардын ичинен 35 бейтаптын абалы канааттандырарлык, 2 миң 937 адамдын абалы орто оор, 1 миң 305 киши оор жана 232 бейтап өтө оор абалда.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 152 миң 709 учур катталды. Анын ичинен 128 миң 905 адам оорудан айыгып чыкты, 2 миң 205 бейтап каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM