Биз менен байланышыңыз

Сузакта 6 жашар кызды сел агызып каза болду

Кыска кабар | 21 Июл 2021 | 529 | 0

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 6 жашар кызды сел агызып кетип каза болду. Бул туурадуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кечээ, 20-июлда катуу жамгырдан улам Сузак айыл аймагынын Достук айылында, Кара-Дарыя айыл аймагынын Чаңгыр-Таш айылдарында сел жүрүп, үйлөрдүн короолорун, «Сузак – Кара-Дарыя» унаа жолун суу каптаган. Сел 6 жашар кызды агызып кеткен. Анын сөөгү издөө иштери учурунда туугандары тарабынан табылган.

Учурда селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM