Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: Илдет 1 миң 291 адамдан табылды, 1 миң 242 киши айыгып чыкты

Кыска кабар | 20 Июл 2021 | 873 | 0

Бүгүн, 20-июлга карата Кыргызстанда коронавирус 1 миң 291 адамдан табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Аймактар боюнча алганда, коронавирус Бишкек шаарында — 939, Ош шаарында — 17, Чүй облусунда — 129, Ош облусунда — 21, Талас облусунда — 18, Нарын облусунда — 26, Ысык-Көл облусунда — 52, Жалал-Абад облусунда — 15, Баткен облусунда — 74 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 1 миң 242 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан 10 адам каза болгон: Бишкекте – 6, Таласта – 1, Чүйдө – 2, Баткенде – 1 киши.

Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 4 миң 552 адам, ал эми амбулатордук түрдө 15 миң 938 бейтап дарыланууда. Ооруканаларда дарыланып жаткандардын ичинен 66 бейтаптын абалы канааттандырарлык, 2 миң 919 адамдын абалы орто оор, 1 миң 345 киши оор жана 222 бейтап өтө оор абалда.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 151 миң 607 учур катталды. Анын ичинен 127 миң 692 адам оорудан айыгып чыкты, 2 миң 196 бейтап каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM