Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Бишкек ЖЭБине Казакстандан 643 миң тонна көмүр сатып алат

Кыска кабар | 19 Июл 2021 | 797 | 0

Кыргызстан күз-кыш мезгилине карата Бишкек ЖЭБи үчүн Казакстандан 643 миң тонна көмүр алат. Бул тууралуу «Электр станциялары» компаниясы билдирди.

Бишкек ЖЭБи үчүн Казакстандын Кара-Жыра көмүрү сатып алынууда.

Кечээ, 18-июлда 25 вагон менен Кара-Жыра көмүрүнүн биринчи партиясы келген. Келишимге ылайык 643 миң тонна көмүрдүн баары 2022-жылдын апрель айына чейин алынып келет.

Бишкек ЖЭБине күз-кыш мезгили үчүн Кара-Кечеден да көмүр сатып алынат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM